Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

АКШ элчилиги ЕККУнун баасын колдойт


БИШКЕК. АКШ элчилиги Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча институнун Кыргызстандагы парламенттик шайлоого берген баасын колдойт. Бул тууралуу элчиликтен 1-мартта кабарлашты. Америка кээ тармактар боюнча алдыга жылуу бар экенин белгилейт, маселен шайлоонун атаандашуу мүнөздө өткөнүн жана ага атуулдук коомдун активдүү катышуусун оң баалайт. Бирок, АКШ элчилиги парламенттик шайлоо Кыргызстандын ЕККУ жана башка демократиялык шайлоо боюнча эл аралык стандарттар боюнча кабыл алган милдеттенмелерине толук жооп бербегенин белгилейт. Бирок билдирүүдө 2000-жылдагы шайлоого караганда бул ирет адилет, ачык жана эркин шайлоо өткөрүүдө алга жылуу болгондугу айтылган. АКШ элчилиги кыргыз өкмөтүн ЕККУнун байкоочулары жарыялаган мыйзам бузууларды ар тараптуу иликтеп, ал кемчиликтерге шайлоонун экинчи турунда жол бербөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG