Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Талапкер Арап Төлөновдун арызы карала баштады


ОШ. Сот жараянында айыптоочу жана жоопкер тараптардын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү угулуп, андан соң Арап Төлөновдун байкоочулары тарабынан тартылып алынган шайлоо күнкү мыйзам бузууларды чагылдырган видеотасма көрсөтүлдү. Сотко эки талапкер тең келишкен жок. Мына ошондуктан алардын таламдарын адвокаттары коргоп жатышты. Арап Төлөновдун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Бакир уулу алардын эки миңден ашуун жактоочулары соттун чечимин акыйкат чыгышына күмөн санагандыктан райондук мамлекеттик акимчиликтин имаратын ороп алышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ичкери киргизишпей жатышкандыгын кабарлады. 48 пайыздан ашуун добуш менен жеңишке жетишти деп табылган Байыш Юсупов өзүнүн атаандашын элди жасалма жол менен көтөрүп, соттун чечимине таасир эткиси келип жатат деп айыптады. Соттун чечими 3-мартта чыгарылат.

XS
SM
MD
LG