Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Атбашыда Н. Касиевдин жактоочулары топтолду


НАРЫН. 5-мартта Атбашы айылындагы Жунусов, Абыкеев көчөлөрүнүн кесилишинде Накен Касиевдин жактоочулары болгон беш жүзгө жакын адам топтолушту. Алар шайлоо кодексинин талаптарына ылайык 27-февралдагы округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынан адилет чечим күтүп жатышты. Топтолгон адамдар райондук акимчиликти курчап алышаарын билдиришип, бирок арасынан айрым өкүлдөрү элди тынчытып турушту. Ал эми Накен Касиевдин ишенимдүү өкүлү Желгер Сараев БШКдан оозеки билдирүү айтылгандыгын, иш райондук сотто карала тургандыгын билдиргенден кийин топтолгондор тынч тарап кетишти. Желгер Сараевдин айтымында, райондук сотко арыз дүйшөмбү күнү 7-мартта берилет.

XS
SM
MD
LG