ПРАГА.Чехиянын Карловы Вары курортунда эс алып жаткан Украинанын экспрезиденти Леонид Кучма эс алуусун токтотуп, Киевге жөнөп кетти. Кучма Украинанын баш прокуратурасында журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө байланыштуу көрсөтмө бере турганын айтты. Кучма Гонгадзенин өлүмүнө тийешеси жок экенин дагы бир жолу кайталады.
- Мен Кудай алдында, эл алдында, курман болгон Гонгадзенин алдында да тазамын, - деди Кучма.
Бүгүн Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Александр Турчинов мурдагы экс министр Юрий Кравченко өлөөр алдында жазып калтырган катында журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө тийешеси бар кишилердин ысымдарын атаганын билдирген. Жума күнү өз жанын өзү кыйган эксминистр ошол эле күнү Гонгадзенин өлүмүнө байланыштуу суракка алынмак. Кравченко жума күнү таң эртең менен Киевдин четиндеги дачасында өлүү табылган.