Ирактын бул тууралуу жарыялаган вице-премьер- министри Бархам Сали "ал-Арабия" телеканалындагы маегинде ага чейин өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн курамы аныкталып калат деп үмүттөнөрүн кошумчалады. 30-январдагы шайлоодо ирактык шийиттердин парламенттеги орундардын көпчүлүгүн элеген "Бириккен Ирак альянсы" анда экинчи орун алган күрд партиялары менен өкмөттүн курамын макулдаша албай жатат. Өкмөт түзүү ишинин создуктурулушун Ирактын саясатчыларынын көпчүлүгү сынга алууда.