Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Депутат Эркин Бөлөкбаев №66 шайлоо округунун чечимине каршы


БИШКЕК. №66 Аксуу шайлоо округунан талапкердигин коюп, бирок биринчи айлампада жетиштүү добуш топтой албай калган Эркин Бөлөкбаев округдук комиссиянын чечимин жокко чыгаруу сунушу менен райондук сотко кайрылмай болду. Мындай чечимди шайлоочулардын укугун коргоо комитети дүйшөмбүдө өткөн жыйынында кабыл алды. Бул тууралуу шайлоочулар комитетинин мүчөсү Калдан Султанбаева маалымдады. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Эркин Бөлөкбаевди талапкердикке «Арнамыс» партиясы көрсөткөн. Бул округда жарышка чыккан алты талапкердин ичинен көпчүлүк добуш менен Сергей Попов аттуу талапкер депутаттык мандат алуу укугуна ээ болгон.

XS
SM
MD
LG