Жөө болсо да Бишкекке барып Аскар Акаевдин отставкага кетишин талап кылабыз дейт алар:
- Менин алты балам бар, эмне кыларымды билбей акыйкаттыкты издеп, он айлык баламды көтөрүп алып, алты күндөн бери пикетте жүрөм. Жөө жүрүшкө чыгайын десем «балаңа суук тийип калат» деп эл калтырып атышат. Акаев бийликтен кетсин!
- Менин атым Каныкей, Атбашы районун Талдысуу айылынан келдим. Жашым алтымышта. Элдин баары жөө жүрүшкө баратат, мен да кошулдум. Биз Бишкекке барганга мажбур болуп калдык. Акаев кетсин, жакшы эле иштеди. Иштегенден бери эч бир натыйжа жок. Алтымышта болсом да жөө баратам.
- Биз Акаевге каршы жөө жүрүштү баштадык. 30-40ка жакын кишинин астын тороп милициялар кетип баратышат. Бул деле бийликтин буйругу болуш керек. Ага карабастан өткөнгө аракет кылабыз. Канча тоссо да биз ачка жатабыз. Аягына чейин барабыз. Мен акыры жалгыз калсам да жетем Бишкекке,- дейт нааразылык акциясынын катышуучусу.
Турсунбек Акундан жөө жүрүштүн себебин сурадык:
- Отуз киши болсок да жөө жүрүшкө чыктык. Атайын кызматтардын өкүлдөрү тосуп атышат. Врачтарга айта албай калдык, артыбыздан транспортубуз да, каражатыбыз да жок. Бузулган бир транспортко эптеп айттырдык. Базардагылар 20-30 сомдон чогултуп беришти. 2 жарым 3 миң сом менен, азык-түлүктү кичине алып алдык. Адамдар айласы кеткенден чыгып атышат, акыйкаттык, чындык болсун деп.
Алгач шайлоонун экинчи турунан мыйзамсыз четтетилген Ишенбай Кадырбековду колдоп турсак, эми биз 27-февралдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана алгач президенттик шайлоону өткөрүү керек деген чакырыкка кошулабыз, дейт Турсунбек Акун:
- Биздин оюбуз боюнча биринчи парламенттик шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылсын. Президенттик шайлоо жүрсүн. Акаев кетип, президенттик шайлоо, андан кийин парламенттик шайлоо өтүш керек. Бермет Акаева, Айдар Акаев келген парламенттин бизге кереги жок, бизге элдик парламент керек.
Жөө жүрүшкө чыккандардын басымдуу бөлүгү аялдар, арасында жаштар, мектеп окуучулары да бар. Мектеп окуучулары апаларын ээрчип алышкан. Биз келечегибиз үчүн баратабыз, бизди эч ким кыйнаган жок дешет алар. Жолго чыгаар алдында Шералы Назаркуловдун жана Аксыда курман болгондордун арбактарына багыштап куран окушту.