Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ ТУРУ ӨТҮҮДӨ


13-мартта Кыргызстандын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү. Шайлоонун экинчи туру өлкөдөгү 39 округда болуп, №75 Тоң шайлоо округунда биринчи жолу шайлоо болду.

13-марттагы шайлоонун экинчи айлампасында 1 миллион 560 миң шайлоочу добуш беришүүдө. Алар экинчи тур өтүп жаткан 39 жана алгачкы жолу шайлоо болуп жаткан 1 округдан депутаттык мандат үчүн ат салышып жаткан 80 талапкерге добуш берип жатышат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө бул жолу ЕККУнун адам укуктары боюнча бюросунун 63, КМШдагы мамлекеттердин 108 байкоочусу көз салууда. Андан тышкары бир катар бейөкмөт жана коомдук уюмдардын 10 миңден ашык байкоочусу бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы эртең мененки саат 10до тараткан маалымат боюнча шайлоочулардын 8,22% добуш берди. Ал эми түшкү саат бирдеги маалымат боюнча, шайлоочулардын 413 жарым миңге жакыны же 28 проценти добуш берип, шайлоочуларынын 33,42 проценти катышкан Ош шаары алдыда болду. Ушул саатка эң төмөнкү көрсөткүч шайлоочуларынын 23,75 проценти добуш берген Ош облусуна таандык болду. Ал эми саат 16дагы маалымат боюнча шайлоочулардын 41,22 % добуш берип, биринчи турдун ушул саатындагы деңгээлге жакындады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат башчысы Кубанычбек Исмаиловдун баамында, одоно мыйзам бузуулар боюнча арыз-даттануулар бул жолу аз:

-Арыздардын көбүнчөсү Бишкек шаары жана анын айланасындагы округдардан түшүп жатат. Мына ушул саатка болгону 10го жетпеген арыз түштү. Арыздардын көбү телефон аркылуу болууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү арыздар боюнча жер-жерлерге барып, чечип жатышат. Арыздар добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгы чыккандан кийин көбөйөт болуш керек. Анын үстүнө жер алыс болуп, облустардан арыз-даттануулар жетпей жатат. Алар добуш берүү аяктагандан кийин келет.

Азыр добуш берүү жүрүп жаткан округдардын ичинен алгачкы ирет шайлоо болуп жаткан №75 Тоң шайлоо округундагы абал көпчүлүктү кызыктырууда. Анткени бул округдан талапкер болгон Арслан Малиев талапкерликтен четтетилгенден кийин анын жактоочулары 21-февралдан тарта беш күн бою жол тосуп, шайлоо болбой калган. Жогорку сот Малиевди талапкерликтен четтеткен райондук соттун чечимин күчүндө калтыргандан кийин шайлоочулар бардык талапкерге каршы добуш беребиз деген чечимге келишкен. Мына ошондуктан шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жүрүшүнө 34 кыска мөөнөттүү жана 2 узак мөөнөттүү байкоочусу көз салып жаткан бейөкмөт уюмдар коалициясынын Ысыккөл облусу боюнча бөлүмүнүн директору Мамбетемин Өмүракунов добуш берүүнүн жүрүшү жана байкоочулардын көзүнө түшкөн тартип бузуулар тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:

- Ушул саатка одоно мыйзам бузуулар болгон жок, шайлоо өз нугунда өтүп жатат. Эртең менен шайлоо участкалары ачылганда эле Бөкөнбаев айылындагы УОС деген шайлоо участкасында гана чүчү кулак карматуу болбой, ал түн ичинде болгон экен. Элдин айтуусу боюнча, шайлоочулар бардыгына каршы добуш беребиз деген сөзгө турушат деген ойдо болуп жатышат. Шайлоочулардын катышуусу ушул саатка карата 50 проценттен ашып калды деп жатышат. Бирок Аскарбек Алиевди жактоочулардын машиналары шайлоочуларды ташып жатат деген сөздөр айтылууда. Анткен менен биздин байкоочуларыбыз алар элди билдирбей, маданияттуу түрдө ташып жатышкандыктан аны далилдеп акт түзө албай жатабыз деп жатышат. Андан тышкары шайлоочулар Алиевди шайласаңар көк май жана эгин беребиз деген сөздөр болду деп айтып жатышат.

Ал эми Ош облусунда элдин катышуусу мурдагы шайлоого салыштырмалуу төмөн болууда. Азыр Ош облусунда иш сапарда жүргөн кабарчыбыз Султан Акимдин баамында ага адилет жыйынтыкка ишенимдин жоктугу себеп болгонсуйт:

- Ош облусунда шайлоонун экинчи айлампасы биринчи турга караганда бир кыйла төмөн. Сегиз округ боюнча азыр шайлоочулардын 40% гана добуш беришти. Менин оюмча, буга биринчиден, шайлоочулар кайдыгер болушуп, көпчүлүгү «биз барсак барбасак дагы ким акча берип, добуш сатып алса өтөт экен. Ошон үчүн шайлоо биз каалагандай болбой калышы мүмкүн» деп айтып жатышат. Чынын айтканда, шайлоочулардын добуш берүүгө карата кызыгуусу төмөндөп кетиптир. Эртең мененки саат 11ге карата Ош облусу боюнча кээ бир жерлерде катыштын деңгээли 15–20% болду. Мунун өзү шайлоочулардын айткан сөзүн далилдеп тургансыйт.

XS
SM
MD
LG