Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Ирактан чет элдик аскерлерди чыгарып кетүү уланууда


Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони элдин талабы менен өлкө Ирактан сентябрдан тартып аскерлерин алып кете баштаарын жарыялады. Иракка 3 миң аскерин жиберген Италия АКШнын эң жакын ымалашы болчу. Бирок ушул айда Италиянын чалгын офицеринин америкалык аскерлер колдуу болушу Италияда согушка болгон ансыз да төмөн колдоону ого бетер тайыздатып жиберди. Украина Ирактан кечээ 140 аскерин чыгарып кетти. Президент Виктор Ющенко бардык аскерлер октябрга чейин алынып кетилет деп сөз берген.

Болгарияда президент Георгий Парванов Ирактагы 450 болгар аскерин жыл аягына чейин алып кетүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG