Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Президент Акаевдин кайрылуусун оппозиция сындап жатат


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу 15-мартта түз эфир аркылуу Кыргызстан калкына кайрылуусун оппозиция сынга алды. Президент Акаев кайрылуусунда шайлоодо жеңилген айрым саясатчылар бийликти кулатууга, жарандык согушка, этникалык тирешүүгө чакырган чагымчыл аракеттерди жасап жатат деп, кырдаалды курчуткандар мыйзам алдында жооп беришерин белгилеген. Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасы Курманбек Бакиев мындай билдирүүнү президент Акаевдин өлкөдөгү кырдаалды билбестиги, маалыматынын жоктугу катары баалады. «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева айрым саясатчылар кимдер экенин такташы керектигин, себеби, каршы чыккандар дээрлик президенттин мурдагы тилектештери экенин белгиледи. Ал эми «ЭрК» саясий партиясынын төрагасы Бектур Асановдун пикиринде оппозиция болгону көтөрүлгөн элди координациялап жатат. Эгер бийлик кандайдыр бир чара колдонуу аракетин кылса, элдин толкуну мындан да күчөп кетиши мүмкүн, деди оппозициянын өкүлү Бектур Асанов.

XS
SM
MD
LG