Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Аксы окуясына байланыштуу форум өткөрүлдү


БИШКЕК. 27-мартта Бишкекте «Аксы окуясына үч жыл, кыргыз бийлиги Аксы окуясынан кандай сабак алды» деген темада жарандык форум өткөрүлдү. Анын катышуучулары Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги Аксы окуясынан кандайдыр бир жыйынтык чыгарып, сабак албагандыгын айтышып, өлкөдөгү кырдаал жакын арада жөнгө салынбаса абал өзгөчө курчуп кете тургандыгын эскертишти. Ошондой эле жыйындын катышуучулары Аксы окуясына күнөөлүү делинген жогорку бийлик өкүлдөрү үч жылдан бери жазаланбай жаткандыгын айтышып, азыркы бийлик алмашкыча алар эч убакта жазаланбайт деген оюн ортого салышты. Мындай иш чара «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулду. Жыйынга саясий партия, бейөкмөт уюмдары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Ал эми аткаруу бийлиги Аксы окуясында күнөөлүү делингендер жазалангандыгын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG