Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Таласта элдик курултай болбой калды


БИШКЕК. 17-мартта Талас облусунда элдик курултай болбой калды. «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжуровадан алынган маалыматка караганда, буга оппозициянын курултай өткөрүүгө жооптуу алты өкүлүнө Жалалабаттан Бишкекке учууга самолетко билет сатылбай койгону жана Ош-Бишкек жолунда көчкү жүрөт деген шылтоо менен жолдун тосулганы себеп болду. Ал эми Талас облустук администрациясынын алдында бул күнү 5 миңге чукул адам курултайга катышуу үчүн чогулду. Мындай маалымат Таластагы курултайга катышуу үчүн барган «Эрайым» бейөкмөт уюмунун төрайымы Ракыя Жусуповаданы алынды. Анын айтымында, облустук администрация ичине кирип алган 500гө чукул аял дагы эле ал жерден чыгыша элек. Облустук администрацияны ээлеп алган адамдар менен эки күн бою бирге болгон губернатор Искендер Айдаралиев кечээ үйүнө жиберилип, бүгүн имаратка кайра кирди. Айрым маалыматтарга караганда, курултайга катышуу үчүн облустун ар тарабынан келген адамдарды милиция Кеңарал айылынын жанынан тосуп өткөргөн жок.

XS
SM
MD
LG