Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:05

Жанжавиддердин опузасынын натыйжасы


Бириккен Улуттар Уюму Судандын батышындагы Дарфур чөлкөмүндөгү бардык кызматкерлерин, провинция борборуна чыкырып алды. Анын себеби тууралуу БУУнун өкүлү Жан Пронк мындай деп билдирди:

-Жанжавид согушчандары аймактагы бардык чет өлкөлүктөргө жана Улуттар Уюмунун соопкерчилик кербендерине чабуул жасалат деп коркутушкандыктан Батыш Дарфурдан бардык кызматкерлерибизди чыгарып кеттик.

Пронктун сөзүнчө, Судан өкмөтү -БУУнун Коопсуздук Кеңешинин талабына ылайык араб согушчандары жанжавиддерди куралсыздандыруу үчүн дээрлик эч кандай чара көргөн эмес.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.

XS
SM
MD
LG