Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Карасуулук шайлоочулардын талашы басыла элек


БИШКЕК. Ош облусундагы №41 Карасуу шайлоо округу боюнча талапкер Байыш Юсуповдун 17-мартта район борборуна чогулган жактоочулары тараган жок жана 18-мартта алардын саны миңге жетти. Алар митинг өткөрүшүп, Карасуу райондук соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылышты. Райондук сот 16-мартта Байыш Юсупов көп добуш алган төрт участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган болчу. Мындай маалымат райондук ички иштер бөлүмүнөн алынды.

XS
SM
MD
LG