Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

АКШ элчилиги доклад таратпаганын маалымдады


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчисинин шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаал боюнча доклады, деп интернет аркылуу таратылган документ жасалма деп белгиленген АКШнын элчилиги 18-мартта тараткан маалыматта. Документтин АКШ өкмөтүнө эч кандай тиешеси жок жана ал Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилигинин көз карашын чагылдырбайт. Жалган документтин максаты кыргыз-америка мамилесине зыян келтирүүгө багытталган. АКШнын элчилигинин расмий бланкасына жазылып, элчинин колу коюлган документте Кыргызстандагы шайлоо алдындагы кырдаалга анализ берилип, азыркы бийликти кызматтан кетирүү биздин негизги максат деп белгиленген. Элчилик болсо бул маалыматты төгүндөдү.

XS
SM
MD
LG