Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Парижде төрт өлкөнүн саммити аяктады


Франциянын, Германиянын, Россиянын жана Испаниянын лидерлери демократияга жана эл аралык мыйзамдарга негизденген дүйнөлүк тартип түзүүгө чакырышты. Жыйынга Франциянын жана Россиянын президенттери Жак Ширак менен Владимир Путин, Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр, Испаниянын премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро катышты. Биргелешкен пресс-конференцияда Путин жыйынга катышкан төрт өлкө дүйнөдө эл аралык мыйзамдардын үстөмдүгүнө, өз ара кызыкчылыктарды урматтоого, бардык өлкөлөрдүн коопсуздугун бирдей камсыз кылууга негизденген адилет, демократиялык тартип түзүүнү жалпы максат деп эсептей тургандыгын билдирди. Канцлер Шрөдөр Ирандын ядролук курал жасашына жол бербөө үчүн Евросоюз өлкөлөрү Россия менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи. Жолугушууга катышкандар ошондой эле Украинада стабилдүүлүктүн сакталышына өтө кызыкдар экенин ырасташты жана Сирия Ливандан аскерлерин чыгарышын талап кылышты.

XS
SM
MD
LG