Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

ОШТО КЫРГЫЗСТАН ЭЛДИК КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ


Кубанычек Жолдошев, Ош 19-март күнү Ош облустук акимчилигинин алдында Кыргызстан элдик курултайы болуп өттү. Жети миңге жакын адам катышкан курултайдын жүрүшүндө аймактарды элдик башкарууга өткөрүүнүн жоболору бекитилип, Ош облусу боюнча элдик башкаруу кеңешинин курамы аныкталды. Курултайдын жүрүшүнө Грузиянын парламентинен келишкен өкүлдөр байкоо салып турушту.

Курултайдын ишине катышканы Жалалабат, Баткен жана Ош облустарынын көпчүлүк райондорунан атайын делегаттар келишти. Ош-Бишкек жолунун жабык болгонуна байланыштуу өлкөнүн түндүк облустарынан келе турган өкүлдөр курултайдын ишине катыша албай калды. Курултайдын башында «Эл аракети» кыймылынын өкүлү Алишер Токсонбаев учурда Кыргызстандын Индиядагы элчиси Бакыт Бешимовдун президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып жатышкан элге тилектеш экендигин билдирген катын окуп берди:

- Кыргызстандыктарды эч ким каалагандай мазактап бийлөөгө, ар кандай жолдор менен шылдыңдоого биз эч качан макул эмеспиз. Мен ар дайым силер мененмин. Индиядагы жаман уулуңар Бакыт Бешимов «Эл аракетте» кыймылынын жол башчысы.

Курултайдын ишине Грузиянын парламентинин беш депутаты байкоо салып турду. Курултайга чогулган эл Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Адахан Мадумаров сыяктуу жана башка оппозициялык лидерлерди кол чабуулар менен тосуп алышты.

- Биз эл деп келип отурабыз. Кыргызстандын эли ушул күнгө чейин бийликтен бир сындырым нан, бир чыны чай сураган жок. Болгону биздин карапайым калк чындык, адилеттүүлүк гана сурап атат. Мына чындык менен адилеттүлүктү да бере албаган бийлик токтоосуз түрдө кызматтан кетиши керек эле, - деди Адахан Мадумаров.

Курултай жүрүп жаткан учурда Ош облустук акимчилигинин имаратын эки миңге жакын ички аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, чегара кызматынын атайын даярдалган отряды жана жергиликтүү милиция кызматкерлери курчап турушту.

Акаевди бийликтен кетирүү боюнча облустук штабдын башчысы Дүйшөнкул Чотонов аталган күч органдарынын штабын чегара кызматынын төрагасы, генерал-майор Калмамат Садиев жетектеп тургандыгын билдирди. Курултайдын жүрүшүндө «Арнамыс» партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова Акүй оппозициялык лидерлерди куугунтукка алуунун планын иштеп чыгып жатат деген маалыматты жарыя кылды:

- Шайлоо бүтөөрү менен эптеп парламенттин бир сессиясын өткөрүп алса, анан биздин тынчытма лидерлерибизди, биздин келечектүү баладарыбыздын баардыгын чекесинен өмүрүнө коркунуч келтиргенге чейин барат.

Курултайдын жүрүшүндө анын катышуучулары ачык добуш берүү менен Ош облусу боюнча Элдик кеңештин төрагасы кылып «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Анвар Артыковду шайлашты. Ал эми Дүйшөнкул Чотонов Акаевди бийликтен кетирүү боюнча облустук штабды жетектөөсүн уланта бермек болду. Жаңыдан шайланган Анвар Артыков элдин ишенимине берилгендиктин үлгүсү катары ант берди.

Курултайдын жүрүшүндө элдик башкарууга өткөрүү жобосунун негизинде Элдик кеңештин калган курамы да аныкталды жана алардын иш алып баруу жол-жоболору бекитилди.

XS
SM
MD
LG