Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Тартип коргоо органдары тарабынан кармалган атуулар тууралуу түрдүүчө маалымат таралууда


БИШКЕК. Ош, Жалалабад обласында тартип коргоо кызматкерлери тарабынан 20-март күнү таңга маал камакка алынган атуулдар тууралуу түрдүүчө маалымат түшүүдө. Ош обласындагы окуяга күбө болгон «Кылымшамы» бейөкмөт уюм жетекчиси Азиза Абдрасулованын маалымдоосуна караганда, ушул эле күнү тартип коргоо органдары тарабынан ур токмокко алынган 34 адам ооруканага жеткирилип, 60 адам авто унаага салынып жашаган жерлерине жөнөтүлдү. Калгандары убактылуу тергөө бөлүмүнө жеткирилген:
- Биз айлайкулук Фарида деген келин менен ички иштер бөлүм башкармалыгына бардык. Короосуна киргенде эле кыйкырык, ызы-чуу чыгып адамдардын ур токмокко алынып, онтоп жаткандыгы угулду. Бизди ал жерге киргизбей коюшту, - деди «Кылымшамы» бейөкмөт уюм жетекчиси Азиза Абдарсулова.
Расмий бийлик кыргыз теле берүүсү аркылуу Жалалабад, Оштогу окуялар боюча маалымат беришти. Ички иштер министринин биринчи орун басары Абдылда Суранчиев жана Жалал абад обаласынын губернатору Жусупбек Шарипов кагылышуу учурунда карапайым адамдар олуттуу жабыр тартпагандыгын, тескерисинче бир милиция кызматкери оор жараат алгандыгын маалымдашты. Ал эми президенттин маалымат кызмты окуя тууралуу кандайдыр бир жооп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG