Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Эларалык уюмдар өлкөгү кырдаалга кабатыр


БИШКЕК. Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан Кыргызстандагы саясий окуялардын күч алышына тынчсызданганын билдирип, каршылашкан тараптар кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын билдирди. Андан тышкары президент Аскар Акаевдин оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө баруу ниетин колдоорун айтты. Европа Биримдиги да Кыргызстандын бийлиги менен оппозиция карама-каршылыкты курчутпай, жагдайды тынчтык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын билдирди. Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа да карама-каршылыкты сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин жарыя кылды. Ал эми «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасы Курманбек Бакиев оппозиция өкүлдөрү президент Аскар Акаев менен көзмө-көз сүйлөшүүнү күтүп жаткандыгын, бирок бийлик азырынча андай ниетин көрсөтө электигин билдирди. Бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экендигин өкмөт башчы Николай Танаев билдирген, бирок оппозиция мамлекет башчы менен гана сүйлөшүү маселе чечээрин жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG