Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

БШК ДЕПУТАТТАРГА МАНДАТ БЕРДИ, ОШОЛ ЗАМАТ СЕССИЯ БАШТАЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 22-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттин 69 депутатына мандат берди. Оппозициялык маанайдагы жети депутат мандат алууга келген жок. БШКдан 58 депутат мандат алып чыгаары менен жаңы парламенттин биринчи отуруму Аскар Акаевдин катышуусу менен башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы түшкө чейин жыйын куруп, биринчи жана экинчи айлампада өткөн талапкерлерди бир добуштан бекитти. Боршайком төрагасы комиссиянын мүчөлөрүн өз кабинетине чакырып, жыйынды шашылыш жыйынтыктап жатты. Ага катышкан экс-талапкер Акылбек Жапаров Сулайман Иманбаевден Кочкор шайлоо округу боюнча кырдаалга түшүндүрмө берүүнү өтүндү.

Боршайкомдун төрагасынын айтымында, Жогорку сотто чечим чыккандан кийин, ошондой эле Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы Турдакун Усубалиевди жеңүүчү катары тааныганын эске алуу менен БШК бул маселени керек болсо бүгүн чечип койсо болот:

- Жогорку соттун чечими ар бир мамлекеттик жана коомдук орган тарабынан, анын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган чечим болуп саналат. Эгер аткарылбаса мыйзамда чаралар да каралган.

Учурда баш аягы алты округ боюнча депутат шайлана элек. Тоңдо бир ай ичинде кайра шайлоо белгиленээри дайын болду.

Куршаб жана Алай райондорунда талапкерлердин арыздарын БШКнын атайын комиссиясы карап жаткан убак. Сулайман Иманбаев комиссия тыянактарын бергенден кийин гана Боршайком өз жыйынтыгын айтат дейт.

Карасуу округунда болсо кайра шайлоо болмокчу. Ал эми Базаркоргон округунда жеңген талапкер Хакимовдун Өзбекстандын атуулу экендигин тастыкташ үчүн Өзбекстанга атайын өтүнүч кат жиберилген.

Ошентип 69 депутатка БШК мүчөлөрү кол көтөргөндөн кийин түштөн кийин саат 2де мандат тапшырылды.

Мандат алуу аземине жана ошол замат башталган жаңы парламенттин биринчи сессиясына айрым оппозициялык маанайдагы депутаттар келген жок.

Жыйындын соңунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы журналисттерге өлкөдөгү саясий кырдаалды жумшартыш үчүн жаңы парламент тез арада ишке кириши керек деп билдирди.

- Парламент канчалык эрте иштей баштаса, ошончолук өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн иш аткарат деген үмүтүм бар.

Мандат алаары менен депутаттар өкмөт үйүнүн үчүнчү кабатында Аскар Акаевдин катышуусунда боло турган биринчи сессияга көтөрүлдү. Сессияны эң улуу депутат катары Эргеш Төрөбаев ачып, отурумга катышкан 58 депутат тең ант беришти.

XS
SM
MD
LG