Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Украина жана Болгария Ирактагы аскерлерин жыл аягына чейин алып кетет


Болгария Ирактагы төрт жүз алтымыш эки жоокерин быйыл жыл аягына чейин алып кетээрин кечээ өлкөнүн коргоо министри билдирди. Украин президенти Виктор Ющенко болсо Ирактагы аскерлерди чыгаруу жөнүндөгү жардыкка кечээ кол койду. Бирок аскерлерди алып кетүү жараяны өткөн аптада эле башталган жана жыл соңуна карата аяктамакчы. Украина Иракка 1600дөн ашуун жоокерин жөнөткөн эле. Ал эми мунун аралыгында Ирактагы аскердик коалициянын дагы бир мүчөсү Румыния алардын 700 жоокери канча убакыт зарыл болсо ошончого чейин турарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG