Беларуста өкмөткө каршы өткөрүлгөн нааразылык акциясынын 30 чакты катышуучусу сот жообуна тартылды. Буга чейин жергиликтүү милициянын өкүлү санкцияланбаган демонстрациянын катышуучулары 3 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн деп маалымдаган эле. Жума күнү Минскиде абактагы саясатчы Михаил Маринич жана түрмөдө отурган башка оппозиционерлерди колдогон акция уюштурулуп, милиция элди күч менен тараткан.