Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Украина менен Грузиянын тышкы иштер министрлери 31-мартта Бишкекте болушат


31-мартта Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Словениянын премьер-министри Димитрий Рупель барат. Ушул эле күнү Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк менен Грузиянын тышкы мекемесинин жетекчиси Саломе Зурабишвили да Бишкекке жол тартышат. Тарасюк бүгүн билдиргендей, министрлер стабилдүүлүктү калыбына келтирүүдө жардамдарын сунуш этишмекчи. Анын аралыгында, АКШ администрациясы Кыргызстандагы саясий процесстерге колдоосун билдирди. Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Адам Эрелинин айтымында, жаңы өкмөт башчы Курманбек Бакиев эркин президенттик шайлоо өткөрүүгө сөз берди.

Орусияда ушул тапта баш калкалап жүргөн Аскар Акаев 29-мартта Кыргызстандын легитимдүү жетекчиси бойдон кала бергенин, бирок ага кепилдиктер берилсе кызматынан чегинүүгө даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG