АКШда 15 жылдан бери эсин жоготуп, дары менен кармалып келген аял Терри Шайво кечээ көз жумду. Эки апта мурун Флорида штатынын соту Шайвонун күйөөсүнүн арызын канааттандырып, аны жасалма түрдө азыктандыруу ишин токтоткон эле. Шайвонун ата-энеси буга каршы болуп, АКШнын Федералдык жана Жогорку сотторуна даттануу арыздары менен кайрылышкан, бирок алар бул маселени кароодон баш тартышты. Бул окуя акыркы аптада америкалыктар ичинде, саясатчылар менен диний ишмерлер арасында кызуу талаш-тартыш жүрдү. Акыр аягында маселе Конгрессте талкууланып, Жогорку сотко аны кароо сунушу киргизилген. АКШнын президенти Жорж Буш Шайвону эскерип, баардык америкалыктарды “өмүр маданиятын” урматтоого чакырды.
- Терри Шайвону эскерип жаткан баардык адамдарды ишин улантып, жашоону баалаганга чакырам. Ар бир америкалыктын, өзгөчө, бирөөдөн көз каранды адамдардын өмүрү бааланышына үндөйм. Цивилизациянын түпкү мааниси – күчтүү алсызды коргой алгандыгында. Шек пайда болгон жерде дайыма жашоону сактап калууга далалат жасалышы абзел.