Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Президенттин администрация башчысы Ошко барды


ОШ. Жолугшуу учурунда райондук жана облустук деңгээлдердеги кадр саясатындагы башаламандыктар талкууга алынып, аларды жөнгө салуу боюнча сунуш, пикирлер кабыл алынды. Жолугушууга Карасуу, Каракулжа жана Ноокат райондорунан келишкен көпчүлүк коомчулуктун өкүлдөрү 20-мартта Оштогу жана Жалалабаддагы куралсыз элге күч колдонууга буйрук берген адамдарга чара көрүү жана Акаев режиминин тушунда элдин эркине каршы иштеген мамлекеттик кызматкерлерди жаңы бийлик курамына киргизбөө талаптарын коюшту. Президенттин администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков элдин суроо талаптарын орундатуу жана жер-жерлердеги кадр саясатын жөнгө салуу максатында бир жумалык жумушчу сапары менен Ош, Жалалабад жана Баткен облустарында боло тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG