Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Француз сенатору Кыргыз бийлик өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. 4-мартта Кыргызстанга Франциянын сенатору, «Франция-Борбор Азия» достук тобунун төрага орун басары Эмери де Монтескью келди. Ушул эле күнү сенатор президенттин милдетин аткарып жаткан премьер- министр Курманбек Бакиев менен жолугушуп, тараптар Кыргызстандын ички саясий кырдаалына, аны турукташтыруунун жолдоруна, кыргыз-француз кызматташтыгынын мындан аркы багыттарына байланышкан маселелерди талкуулашты. Ушул эле маселелер сенатордун Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен жолугушуусунда да ортого салынды. Франциялык сенатор Монтескью мындан тышкары Экономика жана соода министри Амангелди Муралиев, Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шарайдин Авазов жана «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен жолукмакчы.

XS
SM
MD
LG