Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Иоанн Павел Экинчини акыркы сапарга узатуу жума күнгө белгиленди


Папанын сөөгү Ватикандын Ыйык Петр соборунун ичиндеги кабырга коюлат. Мындай чечим Ватикандын кардиналдарынын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Папанын сөөгү дүйшөмбү күнү кечке жуук элдин коштошуусу үчүн Апостоль сарайынан ошол Ыйык Петр соборуна которулду. Папа менен элдин коштошуусу бейшембинин түнүнө чейин уланмакчы. Жума күнү аны акыркы сапарга узатуу каадасына 2 миллиондой адам келээри күтүлүүдө. Ал эми бир нече күндөн кийин кардиналдар 1 миллиарддай мүчөсү бар католик чиркөөсүн жетектөөчү жаңы Папаны шайлоо жараянына киришет. Рим-католик чиркөөсүн жыйырма алты жыл башкарган Иоанн Павел Экинчи ишемби күнү 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

XS
SM
MD
LG