Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жаңы мекеме түзүүгө тийиш


Женевада уюмдун адам укуктары боюнча комиссиясынын сессиясында сүйлөгөн сөзүндө ООНдун баш катчысы Кофи Аннан ушундай деп билдирди. Биз акыркы чекке жеттик, деп айтты Аннан. Комиссияга ишеним кетип баратат, мунун аркасында жалпы ООНдун да кадыры төмөндөөдө. Ошондуктан комиссия таркатылып,анын ордуна адам укуктары боюнча кеңеш түзүлүүгө тийиш. Кеңеш, Аннандын айтымында, саны жагынан чакан мекеме болот жана анын мүчөлөрүн ООНдун башкы ассамблеясы шайлайт. Азыркы комиссиянын составында 53 мамлекет, анын ичинде Судан, Зимбабве, Кытай, Сауд Аравиясы өңдүү адам укуктары одоно басмырланган өлкөлөр бар. 2003-жылдан бери комиссияны Ливия жетектейт.

XS
SM
MD
LG