Ваймер шаарында Бухенвальд концлагеринен мындан 60 жыл мурда бошотулган 550 чакты киши чогулуп, лагерде башынан өткөргөн окуяларды эскеришти. Чогулгандардын көбү көздөрүнө жаш алып отурушту. Аземде Германиянын канцлери Герхард Шрөдер жана германиялык жөөттөрдүн улуттук кеңешинин төрагасы Паул Шпигел сөз сүйлөдү. Шрөдер Германияда мыйзамсыздыкка, зордук-зомбулукка, анти-семитизмге, расизмге жана ксенофобияга жол берилбейт деди.
Сөз алгандардын арасында Бухенвальддан тирүү кутулган испаниялык Хорхе Семпрун жана венгриялык Имре Кертес да болду.
Аталган лагерде 1937-1945-жылдар аралыгында 250 миң киши кармалып, алардын 56 миңи оор жумуштан кырылып же газ камераларында өрттөлүп жок кылынган. Бухенвалдды 1945-жылдын 11-апрелинде АКШ армиясынын 6-дивизиясы бошоткондо, 21 миң киши эркиндикке чыккан.