Генерал Сархат Кадыр окуя Киркук шаарынын жанында болгонун маалымдады. Жоокерлер жолдун боюндагы бомбаны зыянсыздандырып жатканда, жанындагы дагы бир бомба жарылган.
Ушул эле күнү Багдадка бараткан америкалык конвойго да кол салуу болду.
Ал-Жазиира телеканалы болсо мындан эки күн мурун Иракта барымтага алынган америкалык кишини көрсөттү. Ал Вашингтон администрациясына кайрылып, Ирактын “каршылык көрсөтүү күчтөрү менен диалогго барып”, аны куткарууну өтүндү.
АКШнын Ирактагы элчилиги тасмадагы киши ишембиде Багдадда уурдалып кеткен америкалык жаран болушу мүмкүн деп билдирди.