Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Бишкекте имиш көп


БИШКЕК. 14-апрелде «Менин өлкөм» партиясы элди сабырдуулукка чакырган кайрылуу таратты. Анда Кыргызстандагы башка улуттардын Бишкекте турган өкүлдөрүнүн мүлкүн тартып алуу үчүн башаламандыктар атайын уюштурулат деп жазылган баракчалар таратылып жаткандыгы кабарланып, андай имиш кептерге берилбөө чакырыгы айтылат. Партия чагымчылардын азгыруусуна алдырбай, мамлекеттин тынчтыгы менен бейпилдигин сактоого баардык атуулдар жооптуу экендигин белгилеген. Бул тууралуу “Менин өлкөм” саясий партиясынын мүчөсү Алмагүл Шаршенбаева билдирди. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев талап-тоноо, башаламандык болот деген имиштер айтылып жатканын, бирок атайын жазылган баракчалар табылбагандыгын маалымдады. Анын айтымында, учурда Бишкек шаарынын коопсуздук кызматы жана ички иштер кызматкерлери муну катуу көзөмөлгө алып, күчөтүлгөн нөөмөттө иштешүүдө.

XS
SM
MD
LG