БИШКЕК. 16-мартта Бишкек шаардык мекемелер ишембилик өткөрүштү. Ишембиликте Биринчи май районуна таандык Жаш гвардия менен Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишине Элдик революциянын жеңишинин урматына “Жеңиш” паркы түзүлүп, ага ар улуттун өкүлдөрү 1 миңден ашуун көчөт отургузушту. Бул эмгектин жана эл биримдигинин майрамы болду, деп маалымдады Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү Виктор Черноморец. Анын айтымында, аталган жаңы паркта отургучтар орнотулган. Жакын арада электр жарыгы коюлат.