Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Карабуурада 1000ге жакын адам катышкан митинг болду


ТАЛАС. Митингдин катышуучулары алдыдагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев менен Феликс Куловду колдой тургандыгын билдиришип, бул боюнча кол топтоо ишине элди катышууга үндөштү. Мамлекеттин бүтүндүгүн жана элдин ынтымагын сактоо үчүн шайлоодо жеңип чыкканы президент, жеңилгени өкмөт башчысы болуп иштесин деген сунуш айтылды:

- Президенттик таймаштын жыйынтыгында жеңгениңер президент, женилгениңер өкмөт башчысы болуп, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн эриш-аркак иштөөгө милдетүүсүңөр. Башкача болгон учурда өлкөнүн стабилдүүлүгү, туруктуулугу сөзсүз түрдө бузулат жана анда силерди эл да, тарых да кечирбейт, – деди кайрылууну эл атынан окуп берген Анарбек Тургуналиев.

XS
SM
MD
LG