Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Эл аралык Валюта Кору глобалдык тең салмактуулуктун жоктугун эскертти


Родриго Ратонун айтымында, АКШнын эбегейсиз бюджет тартыштыгына, Европа менен Азияда экономикалык өсүштүн чабалдыгына жана Азиядагы акча режиминин ийкемсиздигине байланыштуу, глобалдык финансылык система бүгүн тең салмактуулугунан тайып баратат.

Рато бул кырдаал жакшы жагына өзгөрбөсө, инвесторлордун ишенимин жоголоорун эскертти. Ал Валюта Корунун жана Дүйнөлүк Банктын жазгы жыйынында чыгып сүйлөдү. Жыйындын тушунда Дүйнөлүк банктын саясатына нааразылардын демонстрациясы өттү.


Кечээ АКШнын Казна катчысы Жонн Сноу: "Мунайдын кымбатташы дүйнөлүк экономиканы артка тартып жатканына карабастан, анын түпкүлүгү бекем жана өсүп жатат", - деп айткан эле.

Бул күнү экономикасы айрыкча өнүккөн жети өлкөнүн финансы министрлери өзгөчө жарды мамлекеттердин карыздарын толугу менен кечүү максатына колдоо билдиришти. Бирок бул максатты ишке ашырууда жылыш болгон жок.

XS
SM
MD
LG