Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

ОШТУК ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ТҮЙШӨЛТКӨН МАСЕЛЕЛЕР


Кубанычбек Жолдошев, Ош Март ыңкылабынан кийинки жергиликтүү массалык маалымат каражаттарындагы сөз эркиндигинин абалы, социалдык туруктуулукту сактоодо маалыматтарды берүүдөгү этияттык эрежелери сыяктуу маселелер оштук журналисттердин кезексиз жыйынында талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө көпчүлүк журналисттер жергиликтүү маалымат каражаттарында көзөмөлдүк кылууга аракеттенген ишмердүүлүгү күмөндүү күчтөр пайда болуп жаткандыгына тынчсызданууларын билдиришти.

Март ыңкылабынан кийин массалык маалымат каражаттарындагы сөз эрикиндигине карата мамлекеттик көзөмөл жок болду дешет. Бирок айрым жергиликтүү талдоочулардын айтымында, кандайдыр бир саясий күчтөрдү колдоого алган кылмыштуу топтордун жергиликтүү маалымат каражаттарын көзөмөлгө алууга жасаган аракеттери байкалат.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы, “Агым” гезитинин кабарчысы Алишер Токсонбаев сөз эркиндигине расмий тоскоолдук жок болгону менен журналисттер бийликке жетүүгө умтулуп жатышкан кылмыштуу топтордун коомго жат иш-аракеттерин чагылдуурудан чочулап турушкандыгын билдирди:

- Кечеги төңкөрүштөн пайдаланып, айрым бир үчүнчү күчтөр чыгып, криминалдык элементтер бийликке аралашып кетип атат. Ошолордун элибизге жасаган туура эмес мамилелерин, мыйзамсыз аракеттерин чагылдырууда алар криминалдык элементтердин аты-жөнүн атоого батынбай жатышат. Муну мен бир чети туура түшүнөм. Себеби, алардын коопсуздугун камсыз кыла турган эч кандай, уюм да, редакция да жок.

“Ош-3000” мамлекеттик телерадио компаниясынын кабарчысы Диляра Эшкулова президенттик шайлоо жакындаган сайын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө басым жасоого жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алууга аракеттенген топтор пайда болуп жаткандыгын белгиледи:

- Коомдо сөз эркиндигине айрым саясий күчтөр, же болбосо иш- аракеттери күмөндүү криминалдык элементтер бизге психологиялык басым жасаганга аракет жасаган учурлар болуп атат. Атайын жасалма топторду алып келишип атат.

Ал эми Ош облусунун губернаторунун социалдык иштер боюнча орунбасарынын милдетин аткаруучу Ачакан Тургунбаева коомдогу абалды туруксуздаштырууга кызыкдар саясий күчтөр пайда болуп жаткандыгын айтуу менен мындай кырдаалда журналисттерди аталган күчтөрдүн куралына айланып калуудан этият болууга чакырды:

- Элге, биздин Кыргызстаныбызга терс көрүнүш алып келе турган эмоцияга берилбейли. Аны мен ачык айта албайм. Эмне дегенде улуттук, башка маселелер да бар. Ошолор чыгып кетпесин, ошондон этият бололу.

Ош шаарындагы дагы бир жергиликтүү телеканалдын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Арыпбек Мурзаев калыстыкты жана бейтараптуулукту бекем карманууга журналисттердин материалдык көз карандылыгы тоскоол болушу мүмкүн деген пикирин билдирүү менен учурда алар жеке коопсуздуктарын камсыз кылыш үчүн маалыматтарды берүүдө этият болуп калышкандыгын баса белгиледи:

- Бизде азыр расмий цензура жок болгону менен биз кабарды бере турган болсок, ойлонуп беребиз. Себеби, ошол кабарды берип жатканда бир жакка ооп кетпей, эки жактын тең пикирлерин, көз караштарын берели деген ой бар.

Жергиликтүү талдоочулар чөйрөсүндө ушул жылдын 10-июлуна белгиленген президенттик шайлоого байланыштуу көпчүлүк саясий күчтөр маалымат каражаттарына ээлик кылууга же болбосо жаңыларын түзүүгө кызыкдар болушуп, күчтүү журналисттердин топторун түзүүгө аракет кылып жатышкандыгы айтылууда.
XS
SM
MD
LG