Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:38

Жогорку соттун алдында нааразылык акция улантылды


БИШКЕК. 20-апрелде №59 Чүй, № 21 Токтогул жана №6 Асанбай окруктарынын 300гө жакын шайлоочулары Жогорку соттун алдына пикетке чыгышты. Чүй округунан парламентке талапкерлигин көрсөтүп, шайлоонун экинчи айлампасында сот чечими менен депутаттыка ат салышуудан четтетилген Туратбек Андашевдин жактоочулары аймакта кайрадан шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышты. Алардын пикиринде бул округдан депутат болгон Айдар Керимкулов мыйзам бузуулар менен парламентке өттү. Ал эми депутат Керимкуловдун пикиринде бул округда шайлоо акыйкат өттү жана административдик ресурс Андашевди өткөрүү үчүн иштеген. Токтогул шайлоо окуругунан депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп, өтпөй калган Токтосун Мадияровдун, Асанбай округу боюнча алгач депутат деп таанылып, 18-апрелде мандатынан ажыратылган Шарипа Садыбакасованын шайлоочулары да Жогорку соттон акыйкат чечимди талап кылып турушту. Токтогул окуругунан шайланган депутат Таирбек Сарпашев бул аймакта шайлоо акыйкат өттү деген пикирде. Парламентке депутаттыка өттү деп Боршайком тарабынан таанылган Мелис Эшимкановдун пикиринде, Жогорку сот Шарипа Садыбакасовага байланыштуу акыйкат чечимин кабыл алды. Бул күнү пикетчилер Жогорку соттун имаратына кирүү аракетин жасашты.

XS
SM
MD
LG