Армения президенти Роберт Кочарян кечээ күнү Түркия жетекчилигине кайрылып, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон түрк империясы армяндарга каршы тукум курут саясат жүргүзгөнүн моюнга алууну дагы бир жолу сурады. 19-апрелде болсо Польшанын парламенти ал окуяны геноцид деп тааныган чечим кабыл алган жана расми Анкара ага расми каршылык билдирди.