Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Эквадор парламенти өлкө президентин кызматтан алып салды


Түштүк Американын Эквадор мамлекетинин парламенти кечээ күнү өлкө президенти Люсио Гутиэрести кызматтан кетирүүнү чечти жана вице-президент Алфредо Паласиого президенттик милдетти жүктөдү. Анткен менен ички иштер министри Оскар Айерве парламенттин чечимин тааныбай турганын билдирди. Декабрда парламентте - президентке импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлгөн жана аны караштырып жаткан Жогорку сотту президент өткөн аптада таркатып жиберген. Өлкөдө бир апта бою элдик толкундоолор болуп, демонстрацияга катышкандар президенттин кызматтан кетишин талап кылган. Эгер кызматынан чегинсе, Гутиэрес - 1997-жылдан бери Эквадордо күч менен кетирилген үчүнчү президент болот.

XS
SM
MD
LG