Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

ЖАҢЫ РИМ ПАПАСЫНЫН ШАЙЛАНЫШЫНА КЫРГЫЗСТАН КООМЧУЛУГУНУН ПИКИРИ


19-апрелде Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы шайланды. Германиялык кардинал Йозеф Ратцингер Папанын тактысына Бенедикт 16чы деген ысым менен келди. Жаңы Папанын шайланышы боюнча дүйнөдөгү маалымат каражаттарында ар кыл пикир-ойлор айтылып, жазылды. Ал эми Кыргызстандын коомчулугу бул окуяга кандай көз карашта?

Соңку саатардын аралыгында Рим католик чиркөөсүнүн жаңы папасы Бенедикт 16чы дүйнө лидерлеринен көптөгөн куттуктоолорду кабыл алды. Жылуу сөздөрдүн катарын Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан, Франциянын президенти Жак Ширак, Германиян канцлери Герхард Шрөдер жана башка президент, премьерлер толукташты.

Ошентсе да Ватикандагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча өз тынчсызданууларын билдиргендер да болушту. Мисалы, жөөттөрдүн дин жетекчилери Йозеф Ратцингер Улуу атамекендик согуш учурунда “Гитлерюгенд” уюмунун мүчөсү болгонун айтып чыгышты. Ал эми Франциядагы мусулмандар кеңешмесинин президенти Далил Бубакер Бенедикт 16чы өзүнүн мурдагы консервативдик көз караштарын артта калтырат деген ишенимин билдирди.

Ал эми Кыргыздстандын коомчулугу Ватикандын жаңы папасынын шайланышына карата кандай көз карашта?

Бул суроо менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Наталья Шадровага кайрылдык. Анын пикири мындай болду:

Албетте, ар бир эле уюмдун жеткчилиги болушу керек. Ал эми жаңы папанын шайланышы бул боло турган иш, биз бул окуяга карата терс көз карашыбыз жок. Эми жаңы папанын келиши менен Кыргызстандагы католиктер кандайдыр бир кысым сезет деген ойдон алысмын, анткени биз мурда кандай достук катнаштарыбыз, мамилелерибиз болсо, келечекте деле ошондой калыпта калат.

Ал эми калктын көпчүлүгү католик динине ишенген Германияда да Йозеф Ратцингердин жаңы папа болушун ар кандай кабыл алышууда. Билд гезити немис улутундагы кардиналдын папа болуп шайланышы - бул чоң сыймык деп билдирсе, Westdeutsche Allgemeine жана La Vanguardia гезиттери бул убактылуу чара деп жазышты. Бул гезиттердин жураналисттери Ратцингердин шайланышы эч кандай өзгөрүүлөргө алып келбейт дешет.
Ал эми Кыргызстандын маалымат каражаттарында бул окуяга карата кандай пикир бар. Бул суроого “Кыргызинфо ”маалымат агенттигинин жетекчиси Турат Акимов оюн мындай билдирди:
Эми бул католиктердин иши, алардын өздөрүнүн конклавынын критерийлери бар. Ошондуктан алардын шайлап алган жаңы папасын биз сынга ала албайбыз, Менин оюмча католик динин, католиктердин чечимин урматташыбыз керек. Аларды куттуктап эле койсо болот.

Кыргызстанда католиктердин үч диний уюмдары бар, ал эми католиктердин саны 300гө жакын.
Кыргызстандагы католиктер жамаатынын Атасы Александр католиктер жаңы папанын шайланганына кубанычта экенин билдирди:
Биз дал ушул кардиналды шайлаганына өтө кубанычтабыз, анын келишине кудай өзү колдоо көрсөткөнү анык. Менин оюмча жакшы жакка гана өзгөрүүлөр болот. Албетте мезгил көрсөтөт. Ошондой эле өлкөдө биздин абалыбыз өзгөрөт деп да айта албайм, анткени эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер бар. Ватикандын дипломатиясы өтө байыркы экени баарыбызга маалым, ошондуктан эч нерсе өзгөрбөйт деген ишеним бар.
Католик чиркөөсүнүн жаңы папасы Бенедикт 16-нын өмүр баянына токтоло турган болсок - ал 16ы 1927-жылы Баварияда туулган. Ал Рим католик чиркөөсүнүн акыркы 20 жылдагы маанилүү документтеринин автору. Ошондой эле ал 10 тилде сүйлөйт, анын теология жана философия боюнча 8 доктор даражасы бар.
Дүйнө коомчулугунда Йозеф Ратцингерди жеткен консерватор деп эсептешет. Ошого байланыштуу ал “Темир кардинал”деген атка конгон.
XS
SM
MD
LG