Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Жогорку Сот төрагасы ишке чыккан жок


БИШКЕК. Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов бейшемби күнү кызмат ордуна чыккан жок. Муну Жогорку Сот төрагасынын жардамчысы Жандралиев Жекшен төраганын саламаттыгы менен байланыштырды. Мындан бир күн мурда жарандык коомдун жалпы улуттук форуму өз резолюциясына Курманбек Осмоновдун кызматтан өз каалоосу менен кетишин сунуштаган жобо киргизген. Муну жарандык коом Сот тармагына элдин ишенимин арттыруу, чечкиндүү реформаларга шарт түзүү максаты менен байланыштырган. Жарандык коомдун пикиринде Курманбек Осмоновдун жетегиндеги Жогорку Сот өзүнүн акыйкатсыз чечимдери менен эл ичинде нааразылыктарды пайда кылып жатат. Ал эми Курманбек Осмонов 20-апрелде «Азаттыкка» билдирген пикирине караганда, ал «моралдык жактан күнөөсү бар экенин сезген шартта мурда эле кызматынан өз каалоосу менен кетмек»

XS
SM
MD
LG