Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

К.Бакиев: «Ар улуттагы элдин ынтымагы керек»


БИШКЕК. Кыргызстан элдеринин ассамблеясы мурдагыдай эле иштеп, өлкөдөгү аз улуттардын укуктарын мыйзам чегинде коргойт. Мындай билдирүүнү 22-апрелде президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди. Жолугушууга улуттук-маданий борборлордун жетекчилери катышып, президенттик шайлоодон кийин да коомдо башаламандыктар болот деп тынчсызданып жатышкандыгын билдиришти. Премьер-министр Курманбек Бакиев президенттик шайлоодон кийин ар кандай карама-каршылыктар болот деген кооптонуу бар экендигин айтып, бирок, ага чейин депутаттар менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, элдин тынчтыгын камсыз кылуу аракеттери көрүлөт деп ишендирди. Ал башка улут өкүлдөрүнө тиешелүү жер жана мүлктү тартып алуу аракеттери болот деген имиш кептерден улам пайда болгон кооптонууга негиз жок экендигин, ал атайылап жасалып жаткан аракет экендигин билдирип, элди сабырдуу болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG