Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу өркүндөйт


БИШКЕК. Алдыдагы үч ай ичинде Казакстандын аймагы аркылуу өтө турган Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары, ошондой эле темир жол составы ташыган жүктөр коңшу мамлекеттин ички тарифи менен саналат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин Казакстанга жасаган иш сапарынын учурунда казак президенти менен болгон жолугушуусунда макулдашылды. Курманбек Бакиев Кыргызстанга Казактандан көбүрөөк инвестицияларды тартуу маселесин да козгоп, тараптар Кыргызстанда кыргыз-казак ишканаларын куруу боюнча пикир алмашты. Казак президенти менен Кыргызстанды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу маселеси да талкууланды. Жыл аягына чейин Казакстан Кыргызстанга 10 миң тонна күйүүчү-майлоочу заттарды бере тургандыгы жөнүндө макулдашылды. Казак президенти Кыргызстанга экономикалык тармакта керектүү жардамдарын көрсөтөт деп билдирди. Бул тууралуу 23-апрелде өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG