Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Коалиция «Химсинтезди» иликтөөнүн саясий жүгү бар деп ойлобойт


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Аскар Акаевдин бийлиги тушунда токтотулган чуулгандуу иштерди иликтөө боюнча башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун демилгесин колдойт. Мындай билдирүүнү коалиция маалымат каражаттары аркылуу дүйшөмбүдө таратты. Анда белгиленгенге караганда, уюм коомчулуктун көңүлүн бурган 2002-жылкы Аксы окуясы өңдүү иштерди иликтөөдө Бекназаровдон чечкиндүү чараларды күтүп жатат. Ошондой эле уюм башка иштердин катарында «Химсинтез» ишинин кайра иликтенип жатышында эч кандай саясий өңүт байкалган жери жок деп эсептейт. Бул иште «Арнамыс» саясий партиясынын лидери Феликс Куловдун да аты буга чейин аталып келген.

XS
SM
MD
LG