Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Жол кырсыгынан 13 киши набыт кетти


ЖАЛАЛАБАТ. Набыт болгондордун он бири өз ара тууган-уруктар. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан 25-апрелде алынган маалыматка караганда, кайгылуу окуя 24-апрель түнү саат 2:00 де Ош-Жалалабат унаа жолунун 95-чакырымында, Бозчычкан деген айылда катталган. Мамлекеттик автоинспекциянын билдирүүсү боюнча 17 адамды ташып келаткан “Форд” маркасындагы микроавтобус айдоочу Абдрашит Темировдун рулду башкара албагандыгынан жол четиндеги тосмого урунуп, андан кийин 30 метр жардан ылдый кулап кеткен. Өлгөндөрдүн улуусу Халилов Азимжан 54 жашта. Денелеринен түрдүү жарат алган төрт адам ооруканага жеткирилген, алардын абалы жакшы. Автокырсыктын себептерин автоинсепекция кызматы тарабынан изилденип жаткандыгын 25-апрелде облустук бийлик билдирди.

XS
SM
MD
LG