Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Коррупциянын тамыры иликтенүүдө


БИШКЕК. Кыргызстандын бажыканасына өткөн каражаттын 20% гана мамлекеттин казынасына түшүп, калган 80% коррупциялашкан тармактарга кетчү. Мындай билдирүүнү вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов эларалык ишкер кеңештин өкүлдөрү менен жолугушуу маалында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак жол» бажыканасына түшкөн каражаттын көлөмү үч жумада эле 350% чейин өскөн. Андан тышкары ушул апрель айында эле «Дордой» базарында патенттин негизинде соода кылгандардан алынган салыктын көлөмү үч эсеге өскөн. Данияр Үсөновдун айтымында, «Манас» аэропортундагы антитеррористтик коалициянын самолетторунун ар биринин учуп конуусу үчүн 5 миң доллардан алынып, бирок, казынага 750 доллар түшкөн. Өкмөт азыр энергетика тармагындагы коррупцияны да иликтөөгө киришип, жоготууларды 10% чейин кыскартуу талабын койду. Анткени, бул тармакта 5 миллиард киловатт сааттык энергия уурдалып турган.

XS
SM
MD
LG