Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Бакиев саясий партиялардын лидерлери менен жолугушту


БИШКЕК. 29-апрелде президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев өлкөдөгү саясий партиялардын лидерлери менен жолугушту. Анда Бакиев өкмөттүн негизги милдети президенттик шайлоого даярдык көрүү, жазгы талаа жумуштарын убагында өткөрүү, экономиканы көтөрүп, туруктуулукту камсыздоо, деп билдирди. Азыркы кырдаалга карабай өкмөт милиция кызматкерлеринин айлык акысын 50%, мугалим, дарыгер жана бюджеттик кызматкерлердин маянасын июль айынан тарта 15% көтөрүүгө каражат тапканын белгилеген Бакиев, инвесторлор кетүүдө деген маалыматты төгүндөп, 28-апрелде жапондук ири компания Кыргызстанга 10 миллион доллар гранттык жардам берүүгө даярдыгын билдиргенин кабарлады. Президенттик шайлоо маселесине токтолгон Бакиев, кыргыз атуулдарынын реалдуу түрдө өз президентин шайлап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи. Бакиевдин айтымында, акыркы кездеги өлкөдөгү баш-аламандыкты белгилүү саясатчылар, анын ичинде айрым депутаттар уюштуруп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG