Ядролук куралдарды таркатпоо келишими мындан отуз жыл илгери түзүлгөн. Анын кандай аткарылып жатканын дүйнө өлкөлөрү ар беш жылда бир ирет талкуулап, талдап турушат. Баш катчы Кофи Аннан мурунку жыйындан берки беш жыл аралыгында дүйнөдө ядролук коркунуч азайбастан, кайра күч алганын белгиледи. АКШ менен Россияны арсеналдарын кыскартууну ыкчамдатууга чакырды.
АКШнын мамлекеттик катчысынын курал-жарактар көзөмөлү боюнча маселелерди тескеген орунбасары Стивен Радемейкер Иран менен Түндүк Кореяны атомдук технологиялардан ныпым ажыратууну сунуш кылды. Радемейкер ушул эки өлкө келишимдин аткарылышына олуттуу коркунуч түзүп жатат деп эсептейт. Иран өзүнүн атомдук инфраструктурасын жаңылаганга ниеттүү экенин көрсөттү, деп айтты мамлекеттик катчынын орунбасары. Тегерандын бул программасы анын эл аралык милдеттенмесине каршы келет, былтыр ноябрда жетишилген макулдашууга карабастан Иран Арак шаарында атомдук реактордун курулушун улантып, ядролук чөйрөдө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткени жатат.
Бирок Тегеран өз атына айтылган мындай айыптоолорду четке какты. Мындан эки-үч күн илгери аятолла Али Хаменеи Вашингтон башка өлкөлөрдү, анын ичинде Иранды такай кысмактап келатканын белгилеп, бардык маселени АКШ өзү чечкиси келет деп айыптады. Анын айтымында, мындай опузага ирандыктар муштумун түйүп: “Ким биздин эгемендигибизгн катылса, тумшугу канжалайт”,- деп айтышууда.
Вашингтондо Түндүк Кореянын атына да мамлекеттик катчы Кондализа Райс катаң эскертүү жасады. Пхеньяндын ракеталык коркунучунан АКШ региондогу союздаштарын да,өзүнүн таламдарын да коргой алат, деп айтты Райс. Пхеньян мындан бир нече күн мурда жаңы ракета сынагын өткөргөн эле, ал эми эки жыл мурда ядролук куралдарды таркатпоо келишиминен чыккан.
Нью-Йорктогу конференцияда,кабарчылар белгилешкендей,ядролук жана бейядролук өлкөлөр ортосунда таасын ажырым пайда болду. Атомдук куралга ээ болгон мамлекеттердин позициялары,алардын ичинде АКШнын ядролук сыноолорго тыюу салуу боюнча макулдашуунун талаптарын сактабай жатканы, антиракеталык келишимден чыкканы сынга алынууда.
Атом энергиясы боюнча эл аралык мекеменин – МАГАТЭнин башчысы Мохаммед ал-Барадей талаш-тартыштарга карабастан дүйнөлүк коомчулук ядролук коркунучтун күчөп жатканын моюнга аларына үмүт билдирди. Конференция бир айга жакын созулат.