Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Конституциялык кеңешме ишин улантты


БИШКЕК. 3-майда конституциялык кеңешменин жумушчу тобу ишин улантты. Бул күнү топ Кыргызстанда кандай формадагы мамлекеттик башкаруу болуш керек деген маселени талкуулады. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев президенттин бийлик укугу күчөтүлгөн парламенттик республика түзүүнү сунуш кылды. Анын билдирүүсү боюнча, мындай башкаруу киргизилсе президент премьер-министрдин укук милдеттери менен жоопкерчилигин өзүнө алышы керек. Жумушчу топтун мүчөсү Зайнидин Курманов парламенттик республика түзүүнү сунуштады. Талкуунун жүрүшүндө топтун көпчүлүк мүчөлөрү парламенттик-президенттик башкарууну киргизүүнү жакташты. Жумушчу топ мындан тышкары 4-майдан тарта жыйынды Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүү жана талкуунун жүрүшүн маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча өзүнчө жумушчу топ түзүү чечимин кабылдады. Ал эми талкууну Интернетте чагылдырууга АКИ-пресс агенттиги милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG