Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Кызылкыядагы табият кырсыгынан жабыркагандардын чыгымдары аныкталууда


БАТКЕН. 5-май күнү президенттин түштүк региону боюнча өкүлү Алмамбет Матубраимов Баткен облусунун Кызылкыя шаарында табият кырсыгынан жапа чеккендер менен жолугушту. Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орунбасары Акжол Мадалиевден 6-майда алынган маалымат боюнча, Кызылкыя шаарынын Акбулак айыл өкмөтүнүн беш жүздөн ашык турак үй жана эгин талааларын сел каптаган. Андан башка Кызылкыя шаарында жүздөн ашуун жер тамдар, бир топ кабат үйлөрдүн жертөлөсү сууга толуп, электр берүүчү линиялар жабыркаган. Учурда жергиликтүү бийликтин жана облустук чукул кырдаалдар башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган комиссия кырсык кириптер кылган чыгымдарды аныкташууда.

XS
SM
MD
LG