Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Э. Байсалов Кыргызстандагы ыңкылап жөнүндө АКШда маалымат берди


БИШКЕК. 5-майда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинде сөз сүйлөдү. Анда Байсалов Кыргызстандагы ыңкылаптын себептери, өлкөдөгү азыркы кырдаал жана андагы азыркы кыйынчылыктар жөнүндө кеңири маалымат берди. Бул тууралуу ал 6-майда «Азаттыкка» Вашингтондон төмөнкүдөй билдирди:

-Мен сүйлөгөн сөзүмдө Кыргызстандагы ыңкылаптын себептери жөнүндө, эмне үчүн кыргыз эли ушундай көтөрүлүшкө чыккандыгы, азыр Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулуктун жардамы, инвестициялык жактан колдоо керектиги тууралуу айттым. Мени менен жолугушкандар Кыргызстанда мындай ыңкылап болоорун, эл авторитардык режимге каршы чыгып, ал режимди ичинен ыдыратууга ушундай жалпы салымын кошот деп күткөн эмеспиз деп айтышты. Бул тууралуу Жорж Сорос жана көптөгөн башка белгилүү укук коргоочулар, саясатчылар да айтышты.

XS
SM
MD
LG